БИЗ ЖӨНҮНДӨ
Мектептин тарыхы
Кеңеш орто мектепке чейин Кант шаарынан 8 км. аралыкта жайгашкан. Мектеп 2002-жылдын сентябрь айында типтүү болуп 270 окуучуга 11-класска комплект кылып эсептелип салынып, ачылган. Мектепте баардык шарттар: ашкана, спорт зал, компьютер кабинет бар. Кеңеш мектеп 2018-2019 окуу жылында сетябрь айында ачылган Жаңы имаратка 2007-жылдын сентябрь айында кирдик. Мектепте эки тилдүү, окутуу жүргүзүлөт Уставдын негизинде жана мектептин ѳнүгүшүнүн концепциясына ылайык иш алып барат. Мектептин ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, баланын укуктарынын Конвенциясынын, Кыргыз Республикасынын “Билим жѳнүндѳ” мыйзамынын негизинде жүргүзүлѳт жана баланын жеке жѳндѳмдүүлүктѳрүн жана талаптарын эске алуу менен билим берүүнүн диний эмес мүнѳздүүлүгүнүн, демократиялуулуктун, ачыктыктын, жалпы адамзаттын баалуулуктарынын приоритетинин принциптерине туура келет.
Мектептин концепциясы
Мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылууда, жалпы коомдун жашоосунун жана инсандын сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган
Усулдук темасы
«Билим берүүдө жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды коомдо ийгиликтүү кыймылдаткыч күчү катары көрсөтү»
Комментарии