23-февраль – Ата мекенди коргоо куну
23-февраль Ата Мекенди коргочуулар күнүнө карата мектеп окуучуларынан Шайлобекова Алина Насыпбековна тарабынан “Мекенди коргоо ыйык милдет” деген темада Кочкорбаев айыл аймагынын башчысы, мектеп мүдүрү, мектеп окуучулары катышуусу менен ачык класстык саат өткөрүлдү. Класстык саатта окуучуларга Мекен, Мекенди коргоо темаларындагы патриоттулукка үндөй турган маалыматтар берилди. Мектептин окуучулары айыл башчыбыз катышкандыктан өздөрүн абдан бактылуу сезишип концертке активдүү катышышты.Балдарга көрсөтүлгөн сценка да балдарга тарбиялык жактан жакшы маалымат болду.
Кочкорбаев айыл аймагынын башчысы Усупов Эркин Джумабекович катышып балдарга жакшы маалыматтарды берүү менен майрамдык куттуктоосун айтты. Окуучулар өздөрүнүн чыгармачылыгын ыр айтуу, ыр ырдоо, бийлөө менен көрсөтө билишти. Класс жетекчиси Алина Насыпбековнага жана мектеп парламентине ыраазычылык айтуу менен жакшы маанайда тарашты.
Бул иш чарага мектебибиздин президенти Нурдинова Нурайым да чоң салымын кошту.
Патриоттулукка тарбиялаган агай, эжелерибизге ийгилик каалайбыз!
Комментарии