Ашыраалы Айталиев 95 жылдыгына карата мектепте эскерүү кечеси өттү
Кыргыз Республикасынын эл артисти 3 даражадагы Манас орденинин ээси, белгилүү төкмө акын Ашыраалы Айталиевдин 95-жылдыгына карата Кенеш а. ЖББОМ мектебинде залкар төкмө акын, обончу, дастанчы Ашыраалы Айталиев эскерүү кечеси болуп өттү. Балдарга өмүрү, чыгармачылыгы боюнча толук маалымат берилди.
Эскерүү кечеге мугалимдер жамааты жана окуучулар катышты. Ашыраалы Айталиевдин обонду ырлары » Нарындан жазган салам кат» , » Жылкычынын ыры» жана башка чыгармалары жаңырды. Буйруса залкар таланттын чыгармалары кылымдар бою жашайт. Балдарга сынак уюштурулуп, жеңүүчүлөргө грамоталар тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын эл артисти 3 даражадагы Манас орденинин ээси белгилүү төкмө акын Ашыраалы Айталиевди кимдер гана билбейт. Озоктош өзбек, конуш казак элине таанымыл болуп, жумурай кыргыз журтчулугунун байрагын бийик кармап, улуу сөздүн учугун улап, сөздүн чаңын аарчып элге жеткирип, кененине сөз, тереңине көз жетпеген улуу залкарлардын арасында бараандуу орду , нарк насили кадыр-баркы жана бийик таланты менен улуу. Ашыраалы Айталиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 95 жашка толмок.
Комментарии